Айрым мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге 15 миң сом компенсация төлөнөт. Кимдер алат?

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысын төлөө шарттарына өзгөртүүлөрдү киргизди.

Жарлыкка ылайык, кызматкерлердин айрым категорияларына ай сайын 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм белгиленди. Аны президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, ошондой эле мамлекеттик органдардын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн айрым кызматкерлери алышат.

Мындан тышкары, кызматтык айлыкка иштин татаалдыгы, сапаты, натыйжалуулугу, кесиптик демилгеси жана ченемделбеген жумуш режими үчүн 50 пайызга чейин кошумча акы белгилөө мүмкүнчүлүгү каралган.

Президенттик компенсация иш жүзүндө иштеген убакыт үчүн төлөнүп, эмгек өргүүсү, айрым жөлөкпулдар жана кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбайт.

Жарлыктын жоболору 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.

4 Сентябрь 2026 жыл 16:17
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча