Биринчи айым Айгүл Жапарова бүгүн Кырчын жайлоосундагы этнобазарды кыдыруу учурунда соодагер Баястан сунуштаган асыл таштар менен кооздолгон килемди белекке алуудан сылык баш тартты.
Соодагердин айтымында, килемдин баасы символдук түрдө 35 миң доллар деп белгиленген. Анын өлчөмү 1,6 метрге 1,2 метр, салмагы болжол менен 10 килограммды түзөт.
Баястан килемди Афганистан, Индия жана Түркиядан келген 12 уста эки жылдан ашык убакытта жасаганын билдирди.
Соодагер биринчи айымга белекти 31-августта «Бишкек Аренада» өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде берүүнү көздөгөн, бирок мүмкүнчүлүк болгон эмес. Кийин Айгүл Жапарованын Кырчынга барарын билип, 2-сентябрдан бери аны күтүп жүргөнүн айтты.