Манас шаарына жакын жерде өткөн күнү күчү 3,5 баллга чукул жер титирөө болду.
Сейсмикалык активдүүлүк 3-сентябрда саат 18:53тө катталган.
Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан: Таш-Купыр айылынан түндүк-батышты карай 7 чакырым, Салам-Алик айылынан түндүк-чыгышты карай 16 чакырым, Манас шаарынан чыгышты карай 62 чакырым аралыкта.
Жер титирөөнүн күчү Таш-Купыр, Ара-Көл, Салам-Алик айылдарында 3 баллга жакын болгон.