Көчмөндөр оюндары кыргыздын тарыхын дүйнөгө таанытууда — Болот Токтобаев

Көчмөн цивилизациясынын тарыхый мурасы менен бирге ата-бабалардан калган руханий баалуулуктарды сактап калуу маанилүү. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Кырчын жайлоосунда юридика илимдеринин доктору, профессор Болот Токтобаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө көчмөн цивилизациясы мурдагыдай жашоо образын кайталабастан, тарыхый мурас катары каралышы керек.

“Биз көчмөн цивилизациясы деп сыймыктанып айтканыбыз менен, ал — тарыхый мезгил. Мурункудай жашоо шарты же турмуштук көрүнүштөр тарыхта калган архаизм. Бирок, эң башкысы — биздин рухубуз, духубуз. Мына ошол рухий баалуулуктарды сактап калышыбыз керек”, — деди ал.

Профессор ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жана ага байланыштуу эл аралык иш-чаралардын өтүшү өлкөнүн тарыхын, маданиятын жана көчмөн мурасын дүйнөгө таанытууда маанилүү экенин белгиледи.

“Бүгүн мамлекетибиз байыркы көчмөн цивилизациясынын негиздерин жана принциптерин кайра жаратууда. Канчалаган чет мамлекеттердин өкүлдөрү келди, ШКУнун алкагындагы иш-чаралар жана көчмөн маданиятына арналган илимий конференциялар өттү. Ушундай саамалыктар болуп, маанайыбыз жакшы”, — деди Токтобаев.

Ал чет элдик меймандардын Кыргызстанга болгон кызыгуусу жогорулап жатканын айтып, мындай иш-чаралар туристтердин агымын көбөйтүүгө өбөлгө түзөрүн кошумчалады.

Анын билдиришинче, чет элдик коноктор өлкөнүн жаратылышына жана маданий мүмкүнчүлүктөрүнө суктанып, Кыргызстанга кайра келүүгө кызыкдар экенин айтып жатышат.

“Биз конокторду сыйлап, жакшы маанай менен чай сунуп турсак, алар биздин өлкөгө дагы да келип турушат”, — деди профессор.

Мындан тышкары, Болот Токтобаев жаңыдан ачылган “Бишкек Арена” стадионунун деңгээлине да жогору баа берип өттү. Анын айтымында, стадиондун ачылыш аземинде заманбап маалыматтык технологиялар жана жасалма интеллект кеңири колдонулуп, иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулган.

Эскертке кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы «Бишкек Арена» стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.

4 Сентябрь 2026 жыл 15:36
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча