Мэлис Мамадалиев Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп дайындалды

Мэлис Мамадалиев Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун Президенттин администрациясынан билдиришти.

Элчи болуп дайындалганга чейин Мэлис Мамадалиев Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин директору кызматын ээлеп келген.

Мамлекет башчысынын башка жарлыгы менен Аида Исмаилова Кыргызстандын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотулду.

Эске салсак, Аида Исмаилова дипломатиялык миссияны 2022-жылдын февраль айынан бери жетектеп келген.

4 Сентябрь 2026 жыл 11:30
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча