VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан мелдештерге бир күндө 200 миңден ашуун көрүүчү келди. Бул тууралуу медиа штабдан билдиришти.
Көрүүчүлөр үчүн Чолпон-Ата шаарынан Кырчын жайлоосуна чейин акысыз автобустар уюштурулган. Келүүчүлөрдүн саны көбөйгөн учурда каттамдарга кошумча автобустар чыгарылып, учурда транспорт жетишсиздиги катталган жок.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өтүп, ага 109 өлкөдөн 3 миңден ашуун спортчу катышууда.