Бишкек шаарында 18-декабрда V Элдик курултай өтөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Документке ылайык, Курултайга 700 делегат шайланат. Жарлык менен делегаттардын ортосундагы квоталарды бөлүштүрүү, уюштуруу комитетинин курамы жана анын иши жөнүндө убактылуу жобо бекитилди.
Делегаттарды шайлоо тартиби IV Элдик курултайдын Улуттук кеңеши тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген жобонун негизинде аныкталат. Уюштуруу комитети делегаттарды шайлоону координациялайт, зарыл чечимдерди кабыл алат жана курултайды өткөрүүнү уюштурат. Бул ишке мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана эксперттер тартылат.
Шайлоону уюштурууга ошондой эле Элдик курултайдын катчылыгы, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана бир катар министрликтер тартылат. Ички иштер министрлигине жер-жерлерде делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу тапшырылды.
Эске салсак, Кыргызстанда төрт Элдик курултай өттү: биринчиси — 2022-жылдын 25-26-ноябрында, экинчиси — 2023-жылдын 15-16-декабрында, үчүнчүсү — 2024-жылдын 20-21-декабрында, төртүнчүсү — 2025-жылдын 25-26-декабрында.