Көчмөндөр оюндары: Кырчында 51 өлкөнүн жаачылары күч сынашууда

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда жөө жаа атуу боюнча мелдештер кызуу өтүп жатат.

Жөө жаа атуу боюнча башкы протокол калысы Исхак Токоновдун айтымында, мелдешке 51 өлкөдөн жалпы 215 спортчу катышууда. Алардын 115и эркек, 81и аял спортчу.

“Мелдеш үч багыт боюнча өтүүдө. Кыргыз бутасында эркектер жана аялдар 40 метр аралыктагы теке сымал бутага атышат. Түрк бутасында аялдар 60 метрден, эркектер 70 метрден күч сынашса, корей бутасында спортчулар 145 метр аралыктагы бутаны көздөйт”, — деди ал.

Анын айтымында, учурда аялдар арасында финалдык беттештер өтүп жатат. Кыргыз бутасы боюнча Кыргызстандын эки спортчу финалга чыкты. Ошондой эле Кыргызстандын бир аял спортчусу финалга чыгуу алдында турат.

Жөө жаа атуу мелдеши VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы эң кызыктуу жана атаандаштык күчтүү мелдештердин бири болууда.

3 Сентябрь 2026 жыл 16:34
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча