Көчмөндөр оюндары: 4-сентябрдагы иш-чаралардын программасы

Бүгүн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Ысык-Көл облусунда спорттук, маданий жана илимий иш-чаралар өтөт.

Кырчын жайлоосундагы “Көчмөндөр ааламы” этномаданий шаарчасында:

  • “Биримдик кербени” оюн-зоок программасы;
  • “Көчмөн кайрык”, “Бий ыргак” жана “Саркеч” сынактары;
  • “Шамдагайлар” боз үй тигүү жана жыйноо сынактары;
  • кыргыз-казак төкмө акындарынын “Ырчылардын ыр өрөөлү” айтышынын финалы;
  • “Кыз-жигит Сармеден” эл аралык оюн-зоок программасы;
  • “Башат” чыгармачылык программасы жана байыркы кыргыз жоокеринин зоот-кийимдеринин реконструкциясынын бет ачары өтөт.

Кырчын жайлоосундагы “Көчмөндөр айылы”, “Этно-базар”, “Дүйнөлүк көчмөндөр ашканасы”, “Кичи көчмөн”, “Достук” жана “Жер эне” ордолорунда улуттук тамак-аш, каада-салт, кол өнөрчүлүк жана маданиятка арналган сынактар, чебер-класстар, концерттер, этно-дефиле жана улуттук оюндар өтөт. Ошондой эле “Шамал-фест”, “Алтын Казык”, “Кереметтүү космос” программалары жана эл аралык кулинардык сынактын жарым финалы уюштурулат.

Кырчын этно шаарчасындагы спорттук аянтта:

дистанциялык ат марафону, ордо, тайган жарыш, ат үстүндө жаа атуу, жаа атуу, аркан тартыш, стронгмэн жана сөөк сындыруу боюнча мелдештер өтөт. Көрсөтмө оюндар да уюштурулат.

Чолпон-Ата шаарындагы Көк бөрү аренасында:

көкпар, тыйын эңмей жана көк бөрү боюнча мелдештер өтөт.

Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда:

кунан чабыш, бышты жорго, кыска аралыкка ат чабыш, топ байге, жорго салыш жана аламан ат чабыш боюнча мелдештер өтөт.

“Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде:

казак күрөшү, гюлеш, гуштини милли камарбанди жана хапсагаи боюнча мелдештер өткөрүлөт.

Чыңгыз Айтматов атындагы “Рух Ордо” маданий борборунда:

“Көчмөндөр санаты” эл аралык салттуу музыка фестивалынын “Күү күнү” программасы, “Нарк өнөр” мектебинин көргөзмөсү жана чебер-класстары, “Көчмөн шаңы” концерти, аспапчылык боюнча сынак жана чет элдик музыканттардын чыгармачылык жолугушуулары өтөт.

“Дордой-Номад” маданий-этнографиялык комплексинде:

“Номад Фест” эл аралык музыкалык-этнографиялык фестивалы, “Этнобий”, “Этномода”, “Көчмөн жылдыздары” сынактары, концерттер, этно-көргөзмө жана кол өнөрчүлүк боюнча чебер-класстар уюштурулат.

Курманжан датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборунда:

“Көчмөн цивилизациялар: мурас, парадигмалар жана келечек” аттуу эл аралык илимий конференция жана “Арт-Лаб” чыгармачылык программасы өтөт.

“Евразия” мейманканасында:

овари, мангала жана тогуз коргоол боюнча мелдештер өткөрүлөт.

4 Сентябрь 2026 жыл 9:11
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча