Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо борборунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында алыш күрөшү боюнча мелдештер өттү.
Көчмөндөр оюндарынын медиа штабынан билдиришкендей, мелдешке дүйнөнүн 39 өлкөсүнөн 121 спортчу катышты. Мелдеш классикалык жана эркин стилде өткөрүлүп, Кыргызстандын спортчулары эки багытта тең ийгиликтүү күч сынашты.
Классикалык стиль
60 кг салмакта:
1-орун — Илфат Мингалиев (Россия);
2-орун — Роман Сапаров (Кыргызстан);
3-орун — Аболфазл Хейдаримен (Иран);
3-орун — Калмухан Турмаханбет (Казакстан).
80 кг салмакта:
1-орун — Мыктыбек Өмүрзаков уулу (Кыргызстан);
2-орун — Мекхан Нурбердиев (Түркмөнстан);
3-орун — Ариз Нусейнов (Азербайжан);
3-орун — Артур Зулкарнаев (Россия).
100 кгдан жогорку салмакта:
1-орун — Ранис Гилиадинов (Россия);
2-орун — Ливиа Малуда (Молдова);
3-орун — В. Нуйсейн (Болгария);
3-орун — Баасанжав Муханбаяр (Монголия).
Эркин стиль
60 кг салмакта:
1-орун — Баяман Абидинов (Кыргызстан);
2-орун — Абдурасул Дурдиев (Түркмөнстан);
3-орун — Игор Бласзак (Польша);
3-орун — Жандос Абубакиров (Казакстан).
80 кг салмакта:
1-орун — Айболот Аманов (Кыргызстан);
2-орун — Силаберди Нуриев (Түркмөнстан);
3-орун — Денис Искомбаев (Россия);
3-орун — Хатанболот Хурелбаатар (Монголия).
100 кгдан жогорку салмакта:
1-орун — Нурмухаммед Байдогдиев (Түркмөнстан);
2-орун — Ахрорбек Абдукаимов (Кыргызстан);
3-орун — Ныямсерен Амбаланбаатар (Монголия);
3-орун — Нурсултан Кожагелди (Казакстан).
Мелдештин жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы 3 алтын жана 2 күмүш медаль жеңип алды.
Байге ээлерине акчалай сыйлыктар тапшырылып, 1-орунга 150 миң сом, 2-орунга 100 миң сом жана 3-орунга 80 миң сом берилди