VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы көк бөрү аренасында көкпар оюну башталды.
Учурда Кыргызстан менен Өзбекстан курамасы беттешүүгө чыкты.
Белгилей кетсек, күн мурун көкпар оюну башталып, төмөнкүдөй жыйынтыктар катталган:
* Кыргызстан 12 – Монголия 1;
* Россия 11 – Венгрия 1;
* Өзбекстан 4 – Афганистан 1.
Оюндун жыйынтыгы боюнча Кыргызстан, Россия жана Өзбекстан курамалары жеңишке жетишкен.
Эскертке кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы «Бишкек Арена» стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.