Орусияда жол кырсыгынан кыргыз жараны каза болуп, дагы беш адам жабыркады

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына караганда, 1-сентябрда Саратов облусунун Совет районундагы Пушкинское айылында эки автоунаа кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен 46 жаштагы Кыргызстандын жараны каза болгон. Ал алган жаракаттарынан улам «Тез жардам» келгенге чейин көз жумган.

Кырсыктан дагы Кыргызстандын беш жараны жаракат алып, Энгельс шаардык клиникалык ооруканасына жеткирилген. Алардын төртөөнө медициналык жардам көрсөтүлүп, үйүнө чыгарылган. Ал эми бир бейтап нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылган. Анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Элчилик каза болгон жарандын жакындары менен байланышып, зарыл консулдук жардам көрсөтүү жана маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүү маселеси боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканын билдирди.

2 Сентябрь 2026 жыл 15:04
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча