Максат Асаналиев Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Күн мурун, 2-сентябрда, Жогорку Кеңеш Максат Асаналиевди башкы прокурор кызматынан бошотууга жана аны УКМКнын жетекчиси кылып дайындоого бир добуштан макулдугун берген. Буга чейин бул маселени парламенттин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети караган.
Максат Асаналиев 30-июнда башкы прокурорлук кызматынан кеткен. Ошондон кийин Башкы прокуратуранын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалган. Бул убакыт аралыгында Максат Асаналиев УКМК башчысынын милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан.