Кочкор-Атада коомдук дааратканадан жаңы төрөлгөн ымыркай табылды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Кочкор-Ата шаарында бүгүн, 2-сентябрда көп кабаттуу үйдүн жанындагы коомдук дааратканадан жаңы төрөлгөн ымыркай табылды.

Облустук ИИБдин маалыматы боюнча, ымыркай куткарылып, ооруканага жеткирилген, учурда ал дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери баланы таштап кеткен энесин аныкташкан. Ал 35 жаштагы аял болуп чыкты.

Учурда окуянын бардык жагдайлары аныкталууда.

2 Сентябрь 2026 жыл 15:23
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча