Быйыл сасык тумоого каршы вакцинага 20 миллион сом бөлүндү

Калкты сасык тумоого каршы вакцина менен камсыз кылуу алкагында Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин билдирмесинин негизинде 2026-жылга 20 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынан 24.kg басылмасына билдиришти.

Мамлекеттик ишкананын маалыматы боюнча, бул каражатшка 63 миң 733 доза вакцина сатылып алынат.

Препараттардын кампадарга жеткирилиши 2026-жылдын 1-октябрына күтүлүүдө.

Ал эми 2027-жылга карата зарылчылык жана сатып алуулардын көлөмү боюнча маселе Саламаттыкты сактоо министрлигинде 8-сентябрга пландаштырылган жумушчу кеңешмеде кеңири каралат.

Дарыгерлердин айтымында, курч кармаган респиратордук жугуштуу оорулардын (КРВИ) сезону адатта октябрь айында башталып, мартка чейин уланат. Сасык тумоо менен ооругандар ноябрь айынын аягынан январга чейин байкалат. Туу чокусу, эреже катары, декабрь — январь айларына туш келет.

Сезон башталганга чейин дарыгерлер сасык тумоого каршы эмдөө алууну сунушташат.

3 Сентябрь 2026 жыл 15:47
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча