Кырчында 15 өлкөнүн балбандары кол күрөштө күч сынашууда

Бүгүн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда кол күрөш боюнча мелдештер кызуу өтүп жатат.

Кыргыз кол күрөш улуттук федерациясынын президенти Толкунбек Исаковдун айтымында, мелдешке 15 мамлекеттен 70ке жакын спортчу катышып, өз күчүн сынашууда.

”Эркектер арасында төрт салмак категориясында, ал эми аялдар арасында эки категория боюнча мелдештер өтүүдө. Учурда финал алдындагы беттештер жүрүп, мелдеш абдан кызыктуу жана атаандаштыкка бай өтүүдө”, — деди Толкунбек Исаков.

3 Сентябрь 2026 жыл 15:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча