Жаңы зеландиялык музыкант Кыргызстандын жаратылышына суктанды

Жаңы Зеландиянын белгилүү маори музыканты жана композитору Хоромона Хоро VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы “Көчмөндөр санаты” фестивалына катышууда.

Музыкант Кыргызстанга биринчи жолу келгенин айтып, өлкөнүн жаратылышына суктанганын белгиледи.

“Кыргызстан керемет! Менин эне тилимде “Ataahua” деп айтылат. Бул “керемет” дегенди билдирет. Кыргызстанга биринчи жолу келишим. Тоолору абдан кооз, көлү да өзгөчө экен. Ата журтумду эске салып жатат. Өз үйүмдө жүргөндөй эле сезимдемин” — дейт ал.

Анын айтымында, ал бул фестивалга катышууну чыдамсыздык менен күткөн.

Музыкант сынакта маорилердин салттуу музыкалык аспаптарында өнөрүн тартуулайт. Алардын арасында пукаэа, пунгао, пумотомото, путорино жана поротити сыяктуу аспаптар бар.

“Жалпысынан алтыга жакын ар түрдүү салттуу маори музыкалык аспаптарын колдоном”, — деп кошумчалады ал.

3 Сентябрь 2026 жыл 9:43
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча