«Бул стадиондо ырдоо — өзүнчө бир керемет!  Николь Шерзингер кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди

Николь Шерзингер «Бишкек Аренадагы» концертинен кийин Кыргызстанга кайра келерин убада кылды.

Белгилүү америкалык ырчы Бишкекте өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинен кийинки сахнага чыккан учурунан видео жарыялады.

«Бул көз ирмемди сиздер менен бөлүшүүнү ушунчалык көп күттүм! Бизди чакырганыңыздарга чоң рахмат! Мында стадиондо, ушунча эл менен бирге аткаруу укмуштуудай болду. Учурда жүрөгүм толкунданууга толду!» — деди ал. Николь Шерзингер кыргызстандыктарга жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, кайра келерин убада кылды.

«Бул стадиондо ырдоо — өзүнчө бир керемет! Сиздердин сүйүүңүздөргө, энергияңыздарга жана жылуу меймандостугуңуздарга рахмат. Мен качандыр бир күнү сөзсүз кайтып келем», — деп жазды ал.

3 Сентябрь 2026 жыл 11:30
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча