Бишкекте 2026-жылдын 23—25-сентябрында Бишкек шаарында «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» республикалык конкурстарынын финалдык этабы өтөт. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, сынактардын максаты — алдыңкы педагогикалык идеяларды жайылтуу, билим берүүдө заманбап технологияларды жана методикаларды натыйжалуу колдонгон таланттуу, чыгармачыл педагогдорду аныктоо жана колдоо, ошондой эле алардын кесиптик тажрыйбасын жайылтууга өбөлгө түзүү болуп саналат.
Республикалык финалга конкурстардын үчүнчү — облустук/шаардык этабынын жыйынтыгы боюнча аныкталган 133 мугалим жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 28 педагогикалык кызматкери катышат.
Баардык катышуучулар дипломдор жана «Жылдын мыкты мугалими» төш белгиси менен сыйланышат.
Конкурстун жыйынтыгы боюнча эң көп упай топтогон катышуучу Баш байгенин ээси болот. Байге катары жеңүүчү батир алат.
Жыл сайын өткөрүлүүчү республикалык «Жылдын мыкты тарбиячысы» конкурсу төмөнкү категориялар боюнча өткөрүлөт: тарбиячы, методист, мамлекеттик тил мугалими жана музыкалык жетекчи.
Финалдык этаптын жыйынтыгы боюнча эң мыкты деп табылган төрт педагог Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан акчалай сыйлыктар менен сыйланышат. Сынактардын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи 2026-жылдын 5-октябрында Бишкек шаарында, Билим берүү кызматкерлеринин күнүн белгилөөнүн алкагында өтөт.