Жасалма насыя сунуштагандар пайда болду

Улуттук банк жарандарды социалдык тармактарда жана мессенджерлерде тараган жасалма «жеңилдетилген насыя» сунуштарынан сак болууга чакырды.

Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына караганда, алдамчылар ишеним жаратуу үчүн Улуттук банктын логотиби түшүрүлгөн жасалма документтерди жана жалган билдирүүлөрдү колдонууда.

Улуттук банк насыя бербейт, жарандардан акча которууну талап кылбайт жана жеке адамдарга кызмат көрсөтпөйт. Ошондой эле кызматкерлердин күбөлүктөрүн же расмий документтерин жөнөтпөй турганын эскертти.

Жарандарга маалыматты расмий булактардан текшерип, бейтааныш адамдарга акча которбоо сунушталат. Алдамчылыкка туш болгон учурда банк картасын дароо бөгөттөп, укук коргоо органдарына кайрылуу керек.

24 Июль 2026 жыл 13:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча