«Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 40 күн калды! «Биримдик кербени» жолго чыгат

Улуттук тарых музейинде «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 40 күн калды!» аттуу расмий иш-чара болуп өтүп, анын алкагында коомчулукка Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасы тааныштырылды.

Иш-чарага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын башкы режиссеру Алтынбек Максутов, маданий программанын координаторлору, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, блогерлер, өнөктөштөр жана чыгармачыл коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын концепциясы, анын негизги багыттары, өткөрүлүүчү аянтчалары жана негизги маданий иш-чаралары кеңири сунушталды. Ошондой эле катышуучуларга дүйнөнүн 90дон ашык өлкөсүнөн келген меймандар жана катышуучулар үчүн даярдалган маданий программанын мазмуну, өзгөчөлүктөрү жана мааниси тууралуу айтып беришти.

Расмий иш-чаранын алкагында Оюндардын эң ири маданий демилгелеринин бири — жалпы улуттук руханий-маданий «Биримдик кербенине» старт берилди. 40 күндүн ичинде ал республиканын 40 аймагын кыдырып, андан соң Улуу көч менен биригет. Бул демилге көчмөн цивилизациясынын баалуулуктарын, кыргыз элинин маданий мурасын жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын духун даңазалоого багытталган.

Иш-чаранын өзгөчө бөлүгү «40 күн калды!» деген символикалык акция болуп, анын алкагында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган бирдиктүү маалыматтык өнөктүккө расмий старт берилди.

Белгиленгендей, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — көчмөн элдердин тарыхын, маданиятын жана руханий баалуулуктарын даңазалоого багытталган эң ири эл аралык долбоорлордун бири. Оюндардын маданий программасы кыргыз элинин бай маданий мурасын жайылтууга, эл аралык маданий кызматташтыкты чыңдоого жана дүйнө элдеринин ортосундагы маданий диалогду өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө багытталган.

24 Июль 2026 жыл 11:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча