Кайрадан күн ысыйт: 24-июлдан 2-августка чейинки аба ырайынын божомолу

24-июлдан 2-августка чейин Кыргызстанда абанын температурасы жогорулашы мүмкүн.

«Open-Meteo» сервисинин маалыматы боюнча, өлкөнүн басымдуу аймагында түнкү жана күндүзгү температура 6-8 градуска чейин жогорулайт: эгер 24-июлда Бишкекте күндүз +24…+29°C боло турган болсо, 1-2-августка чейин аба +28…+38°C чейин жылыйт. Мындай динамика Ош, Баткен жана Таласта да байкалат, ал жерлерде августтун башында температура +35°C ашат. Чолпон-Атада гана маал-маалы менен жаан жаап турат, Нарында да айрым күндөрү жаанчыл болот, калган аймактарда жаан-чачын дээрлик болбойт.

24 Июль 2026 жыл 12:08
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча