АТ-БАШЫ: СЕЛ 2 МИЛЛИОН 55 МИҢ СОМ ЗЫЯН АЛЫП КЕЛДИ

Баш-Кайыңды жана Ача-Кайыңды айылдарынын ортосундагы Орто-Кайыңды коктусунан түшкөн кыян суулары айыл чарба жерлерин, эс алуучу жайды, балчылардын бал челектерин жана бир унааны агызып кеткен.

Жарандык коргонуу комиссиясы селден 2 миллион 55 миң 600 сом зыян келтирилгенин аныкташкан.

Маалымат үчүн белгилесек, 12-июлда жааган жаан жеке ишкерлердин 180 бал челегин, Lexus RX-300 үлгүсүндөгү жеңил унаасын, 20 тонналык бир контейнерди агызып кеткен.

Ошондой эле бир мал кармаган сарайды, эс алуучу жайдагы эки боз үйдү, 14 дыйкандын 40 гектар жериндеги көп жылдык чөбүн, картошкасын жана арпа аянтын каптаган. Мындан тышкары 1100 метр канал-арыктар кумга толгон.

23 Июль 2026 жыл 9:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча