2025-жылы чет өлкөлөрдө Кыргызстандын 458 жараны кайтыш болгон, алардын сөөгүн мекенине жеткирүүгө мамлекет тарабынан 53 млн 258 миң сом төлөнгөн.
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «Азаттыкка» билдирди.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы «Жүк-200» эң көп Орусиядан алып келинген. Былтыр ал жактан 360 кыргызстандыктын сөөгү келген. Түркиядан — 39, АКШдан жана Индиядан 14төн, Казакстандан 8, Түштүк Кореядан 3 кыргызстандыктын жасаты келген. Кытай, Италия, Германия, Чехия, Беларустан ар биринен экиден, Австрия, Азербайжан, Бельгия, Бириккен Араб Эмираттары, Ирландия, Литва, Мексика, Кувейт, Өзбекстан, Словакиядан бирден кыргызстандык жарандын сөөктөрү мекенине жеткирилген.
2026-жылы беш айда чет өлкөлөрдө кайтыш болгон 174 кыргызстандыктын сөөгү мекенине алып келинген. Бул үчүн мамлекеттен 21 млн 038 миң сом төлөнгөн.