29-марттан тарта Гуанчжоу–Бишкек аба каттамы ачылат

Бүгүн Гуанчжоу шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугунун жана China Southern Airlines авиакомпаниясынын өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Гуанчжоу – Бишкек – Гуанчжоу багыты боюнча түз туруктуу аба каттамын ишке киргизүү маселелери, ошондой эле Бишкек – Гуанчжоу – Санья (Кытайдын Хайнань провинциясы) багыты боюнча каттамды ачуу маселеси талкууланды.

Кытай тарап маалымдагандай, Гуанчжоу – Бишкек – Гуанчжоу багыты боюнча каттамды 2026-жылдын 29-мартында ишке киргизүү пландаштырылууда. Каттамдар жумасына эки жолу – шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарылары күтүлүүдө. Авиабилеттерди сатуу бүгүн, 11-февралдан тартып башталды.

Түз аба каттамынын ачылышы эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык жана туристтик кызматташууну мындан ары чыңдоого өбөлгө түзөт.

11 Февраль 2026 жыл 16:22
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча