3-апрелде кандай аба ырайы күтүлөт?

Кыргызгидромет билдиргендей, 3-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында жаан, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +13…+18,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +9…+14,

Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +8…+13.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +16…+18 градус жылуу болот.

2 Апрель 2024 жыл 17:22

Тема боюнча