4-декабрда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +8…+13, Талас аймагында +7…+12, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +12…+17, Ысык-Көл жергесинде +5…+10, Нарын өрөөнүндө +4…+9 градус болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +11…+13, Ош шаарында +15…+17 градуска чейин көтөрүлөт.