5 спортчу Олимпиада оюндарына катышууга жолдомо утту (тизме)

Кыргызстандык спортчулар быйыл жайында Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына 5 жолдомо утуп алышты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиясында министрдин орун басары Айбек Абдымомунов билдирди.

Анын айтымында, учурда Акжол Махмудов (грек-рим күрөшү), Жоламан Шаршенбеков (грек-рим күрөшү), Айсулуу Тыныбекова (аялдар күрөшү), Айпери Медет кызы (аялдар күрөшү) жана Денис Петрашовдо (суучул) жолдомо бар.

Белгилей кетсек, XXXIII жайкы Олимпиада оюндары 2024-жылы 26-июлдан 11-августка чейин Париж шаарында өтөт.

26 Февраль 2024 жыл 13:38
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча