7 шаарда бош жумуш орундары боюнча жарманкелер өтөт

Кыргызстандын жети шаарында бош жумуш орундары жана кесиптер боюнча жарманкелер өтөт. Бул тууралуу JIA бизнес ассоциациясынан кабарлашты.

Анда өлкөнүн 250дөн ашык алдыңкы компанияларынын 10 миңден ашык бош орундары боюнча маалыматтар берилет.

Жарманке Бишкек шаарында Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда 29-ноябрда өтөт.

Ош шаарында Кыргыз драма театрында 22-ноябрда өтөт.

Жалал-Абадда Барпы атындагы кыргыз драма театрында 22-ноябрда,

Караколдо Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрында 22 ноябрда,

Кызыл-Кыя шаарында Асаналиев көчөсү, 10 дарегинде 22-ноябрь,

Нарын шаары, Ленин көчөсү, 96 дареги, 22-ноябрь,

Талас шаары, Чынгыз Айтматов көчөсү, 351 дареги, 22 ноябрь.

Иш-чара жарандарды ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү аянтчасы болуп саналат.

22 Ноябрь 2023 жыл 9:08
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча