Кыргызгидромет кызматы 13-15-март аралыгында аба ырайы кайрадан кескин өзгөрүп, жамгыр, кар жаай турганын эскертти. Жолдор тайгак болот.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу райондордогу жолдордо 10-13-март күндөрү кар күрткү жана кар көчкү коркунучу бар экенин маалымдады.
12-мартта Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарында айрым жерлеринде жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт деп кабарлады.
Жалал-Абаддын кээ бир жерлеринде катуу жаан-чачын болушу мүмкүн. Батыштан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18,
Талас жергесинде түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9,
Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…-5°.
Бишкек шаарында түнкүсүн 3…5, күндүз 16…18°.