
«Социал-демократтар» партиясынын абактагы лидери Темирлан Султанбеков дээрлик 100 күндөн бери кармап жаткан ачкачылык акциясын убактылуу токтотту. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жарыялап, ачкачылыгын токтотуу чечимине түшүндүрмө берди.
Бишкектеги №1 тергөө абагынан жазган катында магниттик-резонанстык томографиядан өткөндөн кийин бир катар оорулар аныкталганын жана аны дарылоо керектигин, ачкачылыгын токтотууга 1-марттан тарта Орозо кармай турганы да себеп болгонун кошумчалады. Орозо бүткөндөн кийин ачкачылыгын уланта турганынбилдирип, «тилекке каршы бизде башка жол жок», — деп жазды ал.