Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун иши боюнча 8-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда судья аны үй камагына чыгаруу боюнча адвокаттарынын өтүнүчүн карап, канааттандырган жок. Бул тууралуу Мадумаровдун адвокаты Гуляна Убалиева билдирди.
«Мадумаровду камакта калтырууга негиз жок болчу. Жогорку Кеңештин 75 эл өкүлү Мадумаровго ишенсе болот деп үй камагына чыгаруу өтүнүчүн беришкен. Ден соолугунун абалына карабастан Биринчи Май райондук соту 9-февралга чейин абакта калтырды», — деди Убалиева.
Адахан Мадумаровду милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери 2-сентябрда Бишкекте кармаган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлганын маалымдаган.
Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган. Анда “Бийликтен аша чабуу” деген берене боюнча айып коюлган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген