Ош облустук ички иштер башкармалыгында УТРКнын мурдагы жетекчисинин орун басары Адыл Акжол уулуна карата дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер башкармалыгынын өзүнө билдирди.
Маалым болгондой, 22-июль күнү УКМКнын түштүк аймагы боюнча башкармалыгына Ысык-Көл облусунун 1973-жылы туулган тургуну К.Э. кайрылган. Арыздануучунун айтымында, 8-июлда блогер Адыл Акжол уулу YouTube баракчасына жарыялаган видеосун өчүрүп салганы үчүн андан акча талап кылган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө чогултулган материалдарга тийиштүү экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин “Опузалап талап кылуу” негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.
Эске сала кетсек, Акжол уулу 5-августта дагы бир кылмыш ишинин алкагында кармалган. Ал КР Кылмыш-жаза кодексинин “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка чакыруу, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакыруу” беренеси боюнча айыпталууда. Айыпталуучуга карата тергөөнүн жүрүшүндө 4-октябрга чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.