Айдоочуларга эскертүү: Ашууларда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө

Кыргызгидромет агенттиги өлкөнүн тоолуу жерлеринде, ашууларда кар көчкү түшүүсү мүмкүн экенин эскертти.

Билдирүүгө ылайык, 16-марттагы жаан-чачынга байланыштуу төмөнкү аймактарга кар көчкү түшүүсү ыктымал:

Төө-Ашуу ашуусу, Бишкек-Ош жолунун 121-138 чакырымында;

Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Бишкек — Ош жолунун 198-260- чакырымында;

Өтмөк ашуусу, Суусамыр — Талас —Тараз жолунун 1-14-чакырымында;

Чапчыма ашуусу, Ала-Бука — Каныш-Кыя жолунун 59-113-чакырымында;

Красная Горка — Ак-Таш жолунун 0-3 чакырымында;

Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 55-115-чакырымында;

Сары-Таш — Дароот-Коргон — Карамык жолунун 97-98-чакырымдарына;

Ала-Бука — Каныш-Кыя жолунун 68-101-чакырымдарындагы Чапчыма ашуусуна;

Красная-Горка — Ак-Таш жолунун 0-3-чакырымында;

Долон ашуусу, Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 292-305 чакырымында;

Кара-Гөө ашуусу, Ийри-Суу тилкеси, Казарман — Ак-Тал — Чат жолунун 42-44, 60-94-чакырымында;

Суусамыр — Арал жолунун 8-21-чакырымында;

Чоң-Ашуу ашуусу, Каракол-Эңилчек жолунун 45-90-чакырымында;

Сөөк ашуусу, Барскоон— Ак-Шыйрак жолунун 52-68-чакырымы.

ӨКМ да кар көчкү тууралуу эскертип, айдоочуларды автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого чакырды.

16 Март 2024 жыл 16:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча