Айдоочуларга эскертүү! Боомдо таштар атайылап түшүрүлөт

28-апрелден 30-апрелге чейин Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында, Боом капчыгайынын аймагында (темир жолдун 3901-чакырымдарында) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, таш түшүрүү иштери аба ырайынын шарттарын эске алуу менен 09:00дөн 15:00гө чейин, күндүзгү убакытта жүргүзүлөт.

Иш учурунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай жабылат. Жол тазаланган учурда унаалар бир тилке менен өткөрүлөт.

«Бул иш-чара унаа жана темир жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында уюштурулууда», — деп айтылат маалыматта.

23 Апрель 2025 жыл 17:01
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча