
Айпери Медет кызы Албанияда өткөн күрөш боюнча рейтингдик турнирде күмүш медалга ээ болду.
Ал 76 кг салмак категориясында күч сынашты.
Кыргызстандык спортчу 1/8 финалдан баштап кытайлык спортчуну 10:0 эсебинде
мөөнөтүнөн мурда жеңди. Чейрек финалда италиялык спортчуну 9:0 эсебинде утту.
Жарым финалда украиналык Анастасия Алпеевадан күчтүүрөөк болду. Бирок финалда америкалык спортчуга 2:1 эсебинде утулуп калды.