Айыл чарба министринин орун басарлары алмашты

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басарлары Айнура Туйбаева, Маил Алияскаров жана Мурат Раматов кызматтан бошотулду.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тиешелүү тескемеге ылайык, бул кызматтарга Мирбек Дүйшеев, Асел Кененбаева жана Кубат Касейинов дайындалды.

Былтыр жыл аягында Айыл чарба министрлиги Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри болуп түзүлүп, анын жетекчилигине Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев дайындалган.

15 Март 2024 жыл 12:24
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча