Акматалиев монголиялык балбанды жеңип, Түркиядагы мелдеште алтын алды

Эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиев (70 кг) Түркияда өтүп жаткан Yaşar Doğu&Vehbi Emre эл аралык мелдешинде алтын медаль утту.

Акматалиев жарым финалда япониялык балбан Йошиносуке Аояги менен күч сынашып, аны 8:6 эсебинде уткан.

Алтын үчүн беттеште Акматалиев монголиялык балбан Тулга Тумур-Очирындын далысын басып, жеңишке жетти.

10 Март 2024 жыл 21:49
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча