АКШда катуу шамал, куюн болуп, үйлөрдү, курулуштарды талкалады. ABC басылмасынын соңку маалыматы боюнча, жаратылыш кырсыгы 34 кишинин өмүрүн алды
ЖМКлар табият апаатынан Арканзас, Иллинойс, Индиана, Кентукки, Миссисипи, Миссури жана Техас штаттарында жашаган 138 млн адамдын өмүрү коркунучта экенин жазышты.
Торнадодон курулуш, үйлөр талкаланып, 200 миңден ашык киши жарыксыз калган.
Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн токойлор өрттөнүп, 100дөн ашык өрт кырсыгы катталды.