
2025-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Актилек Мусаеванын «Синьхуа» маалымат агенттигинин Башкы директору Фу Хуа менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жалпыга маалымдоо каражаттары жаатындагы эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин, ошондой эле ЖМК тармагында эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда өз ара аракеттешүүнү мындан ары бекемдөө маселелерин талкуулашты.
Тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоого багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, тажрыйба алмашуу жана иш-чараларды өткөрүү аркылуу медиа тармагында өнөктөштүктү кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.