
Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды психикалык ооруга чалдыккан адамдардын укугун коргоого чакырды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, акыйкатчынын Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Ак-Суу психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесиндеги кызмат алуучулардын жашоо шарттарына жана алардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүштү.
Аталган мекемеде жалпысынан 250 аял киши туруктуу жашайт, анын ичинен 36 аялдын паспорту, ал эми экөөсүнүн өздүгүн тактаган документтери жок.
Ак-Суу психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин маалыматы боюнча, 11 адамга паспорт алуу үчүн документтери калкты каттоо департаментинин региондор аралык бөлүмүнө өткөрүлгөн. Калган 25 адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болгондуктан документтерин тапшыра албай жатышат.
Айрымдарынын мекемеге келгенине көп жыл болсо да, аты-жөнү, кайдан, качан келгени, такталган эмес. Мисалы, 2013-жылдын 24-июнунда Чым-Коргондогу психоневрологиялык диспансерден белгисиз аял киши которулган. Аны мекеменин кызматкерлери “белгисиз тажик аял” деп атап коюшкан. Ал кайдан келгенин, өзүнүн аты-жөнүн, качан туулганын эстей албайт.
Белгилей кетсек, психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелерде жашагандар турмуштук ар кандай себептерден улам, оор тагдырга кабылгандар, майыптыгы барлар. Алар ар дайым башкалардын камкордугана жана жардамына муктаж болгондуктан, документтерин калыбына келтирүү көйгөйүн өз алдынча чече алышпайт.
Буга байланыштуу Акыйкатчы инстиутуту бейтаптардын укугун камсыздоо максатында тийиштүү мамлекеттик органдарга расмий каттарды жөнөттү.
Акыйкатчы мамлекеттик органдарды Адам укугунун жалпы декларациясына жана улуттук мыйзам ченемдерине ылайык алардын укуктарын камсыздоого чакырат.