Акыркы эки айда азык-түлүктүн баасы 3%га арзандады

Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги тарабынан 2024-жылдын июль жана август айларына карата республика боюнча азык-түлүк куржунунун баасына мониторинг эсептелип чыкты.

Азык-түлүктүн баасы кобүнчө жашылча жемиштер, сүт азыктары жана бахча өсүмдүктөрүнүн баалары өзгөргөндүгүн байкаса болот, мисалы:

Белгилей кетсек, 2024-жылдын июль айына карата азык-түлүк куржундун баасын эске алуу менен республика боюнча жашоо минимумун эсептей келгенде бир айда бир жаранга 7959 сомду түздү, ал эми 2024-жылдын август айына карай эсептелген жашоо минимуму 7722 сомду түздү жана июль айы менен салыштырмалуу 3,07% га төмөндөгөнүн байкаса болот.

Эске салсак, Улуттук статистика комитетинен берилген жашоо минимуму республика боюнча 8144,34 сомду түзөт жана орточо айлык маяна 35298 сомду түзгөн.

15 Август 2024 жыл 16:37
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча