Ала-Арча паркына автоунаа менен кирүүгө чектөө коюлат

Чүй облусундагы Ала-Арча жаратылыш паркынын аймагына автоунаа менен кирүүгө жакын арада чектөө коюлат. Бул мамлекет башчынын тапшырмасы экенин Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Фейсбукка 8-сентябрда жазды. Бирок чектөө качан башталарын тактаган жок. Бул чараны экологияны коргоо жана аймактын жаратылышын таза сактоо деп түшүндүрдү.

«Конокторду парктын ичинде атайын электр унаалары ташыйт. Парктын сыртына кошумча унаа токтотуучу жайларды куруу пландалууда»,- деди Туманбаев. Андан тышкары, бийлик ал жакка А-Фрейм үлгүсүндөгү үйлөрдү жана мейманкана курууну көздөп жатат.

Эко-активисттер Ала-Арча жаратылыш паркынын аймагына автоунаа менен киргендерди, ал жакка тамак-аш, желим идиш калдыктарын ыргыткандарды сындап келишет.

8 Сентябрь 2024 жыл 20:10
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча