Ала-Букада кен казган ишканадагы уурулук фактысынын бети ачылды

Ала-Бука РИИБге район аймагында кен казуучу ишкананын юристи арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2024-жылдын 12-мартына караган түнү саат 01:00дөн 02:00гө чейинки убакытта кен казуучу ишкананын кампасынын 6 даана жез зым түрмөгүн белгисиз кылмышкерлер уурдап кеткендигин билдирген. Натыйжада кен казуучу ишканага 240 000 сомдук зыян келтирилген. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Бул окуя Ала-Бука РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) катталып, кылмыш иши козголгон.

Ала-Бука РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Ала-Бука районунун тургундары 1989-ж.т. Ч.С., 1995-ж.т. Ж.К. жана кен казган ишкананы кайтарып күзөттө турган жеке күзөт кызматынын 3 кызматкери 1980-ж.т. Б.Г., 1985-ж.т. К.К., 1997-ж.т. Ж.Б. кармалып, Кыргыз Республикасынын КЖПКнин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алардын баш коргоо чарасы 17-мартта Ала-Бука райондук сотунда каралып, бардыгы үй камагына чыгарылган.

Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө жеке күзөт кызматынын кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүп, аларды түнкү убакытта автоунаага салып посттон алып өтүп, уурулук фактысына көмөктөшкөндүгү аныкталган.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Урматтуу ишкерлер ар кандай объекттерди кайтарууда ИИМдин Күзөт кызматынын жакынкы бөлүмдөрү менен келишим түзүүнү сунуштайбыз.

18 Март 2024 жыл 11:43
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча