Алайда 12 жылдык билим берүүгө өтүү тууралуу маалымат берилүүдө

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Алайда мугалимдер жана жашоочулар менен жолукту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Белгиленгендей, жолугушуу 25-28-мартта министрдин Ош жана Жалал-Абад областтарынын аймактарына белгиленген жумушчу сапарынын алкагында өттү.

Жолугушууга жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

Иш-чара Алай райондук мамлекеттик администрациясында өтүп, анда министр «Алтын Казык» билим берүү системасын трансформациялоо программасын аткаруунун алкагында 2024-жылы жасалган иштер жана 2025-2026-окуу жылына пландар тууралуу кенен маалымат берди.

Жолугушуунун алкагында катышуучулар 12 жылдык билим берүү боюнча бардык суроолоруна жоопторду ала алышты.

Иш сапардын максаты — региондордогу билим берүү мекемелеринин абалы менен жеринен таанышуу, мугалимдер менен жолугушуу, көйгөйлөрдү аныктоо жана чечүү жолдорун талкуулоо, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.

26 Март 2025 жыл 12:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча