Алмазбек Атамбаев элге кайрылуу жасады

Бүгүн, 7-апрелде Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 2010-жылдагы Элдик апрель революциясынын 15 жылдыгына карата кайрылуу жасады. Ал өз кайрылуусунда 7-апрелди тарыхый мааниси чоң күн деп белгилеп, бул күн элибиздин зөөкүрлүк менен зомбулукка каршы туруп, эркиндикти тандаган күнү экенин баса белгиледи.

«7-апрель өлкөбүздүн тарыхында өзгөчө күн, жүрөктө өзгөчө сезимдерди ойготот. Зөөкүрлүктү, зомбулукту кабыл албаган элибизге сыймыктануу. Ала-Тоо майданында ошол күнү шейит болгондорго жана жарат алып, кийин көз жумгандарга кайгыруу. Апрель революциясынан кийин Кыргызстан бүт дүйнөгө эркин адамдар өлкөсү деп таанылып калган», — деп жазды Атамбаев.

Мурдагы президенттин айтымында, мамлекеттин негизги милдети — жарандардын укугу менен эркиндигин коргоо. Бул өлкөнүн өнүгүүсүнүн маанилүү шарты экенин белгиледи.

Ошондой эле, азыркы шартта дүйнөдө болуп жаткан татаал кырдаалдарга карабастан, Кыргызстанда бийлик коопсуздук, инфраструктура маселелери боюнча иштерди жүргүзүп жатканын белгилеп өттү. Бирок мындан да маанилүүсү — элдин эркин рухун, адилеттүүлүккө болгон ишенимин сактап калуу экенин айтты.

«Бул иш оңой эмес, бирок башка жол жок», — деди ал.

Кайрылуунун соңунда Атамбаев элге жана мекенге тынчтык, ынтымак, ар бир үй-бүлөгө бакыт-таалай каалап өттү.

7 Апрель 2025 жыл 10:27
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча