9-апрелден 11-апрелге чейин «Альянс Алтын» ЖЧКсынын кеңсесинде бургулоо жана жардыруу иштерин долбоорлоодо жана моделдөөдө колдонулган Shot Plus программалык камсыздоосу боюнча окуу курсу өткөрүлдү.
Ага “Альянс Алтын” ишканасынын кызматкерлери, Ельцин атындагы КРСУнун жана Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрү катышты.
Курстун негизги максаттарынын бири – катышуучуларга системанын элементтери менен коопсуз иштөө көндүмдөрүн калыптандыруу. Алар үчүн теориялык жана практикалык сабактар уюштурулат. Тренингдин жыйынтыгында ар бир студентке сертификаттар берилди.





«2023-жылдын май айында “Альянс Алтын” компаниясы Улуттук илимдер академиясы менен кызматташуу боюнча меморандумга кол коюп, ушул жылдын февраль айында КРСУнун өнөр жай өнөктөшү болгон. Биргелешип окутуу биздин кызматташуунун көптөгөн мисалдарынын бири болуп саналат»,-деп айтылат маалыматта.