“Альянс Алтын” 1-класска барган жергиликтүү аймактын окуучуларына мектеп формасын алып берди (сүрөт)

Талас районундагы Бекмолдо айылдык аймагындагы төрт орто мектебиндеги 1-класска бара турган 150 окуучуга “Альянс Алтын” компаниясы мектеп формасын алып берди. Бул тууралуу компаниянын басма-сөз кызматы билдирди.

“Жерүй алтын кенин иштеткен “Альянс Алтын” компаниясы жергиликтүү калк менен тыгыз иштешип келет. Алардын катарында билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулууда. 2022-жылдагы окуу жылы башталганда 1-класска бара турган төрт мектептин окуучуларына мектеп формасын белек кылган. Бул жылы дагы ошол эле аймактын 150 окуучусуна мектеп формасы берилди”, — деп билдирди компаниянын басма-сөз кызматы.

Бекмолдо айыл өкмөтүндөгү мектеп админстрациясы, ата-энелер компаниянын мындай комкордугуна ыраазчылыгын билдирди. Компания жалгыз эле формадан эмес баардык тараптан билим берүү тармагына колдоо көрсөтүп келе жаткандыгына Асылкан Бөрүбаев атындагы “Көк-Арык” орто мектебинин директору Асыранов Эржан токтолду. “Альянс Алтын” компаниясына кезектеги жагымдуу белеги үчүн ыраазычылык билдиребиз. Биздин мектептин босогосун аттаган окуучуларыбыз жана алардын ата-энелери абдан сүйүнүп жатышат. Былтыркы жылы да мектеп формасын беришкен. Андан тышкары жыл бою бизди көңүл сыртында калтырбай мугалимдерибизди окутуу боюнча каржылык жактан жардам беришти. Китеп жана айрым муктаж болгон нерселерибизди алууда көмөк көрсөтүп келишет”, — деди Асыранов Эржан.

Эске сала кетсек “Альянс Алтын” компаниясы Талас облусундагы Жерүй алтын кенин иштетет. Компания өлкөдөгү ири салык төлөөчү ишкана жана анда 1400дөй адам жумуш менен камсыз болгон.

5 Сентябрь 2023 жыл 22:00

Тема боюнча