«Орусия кызматташтыгы» уюмунун КРдагы өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен Талас мамлекетик университетинде «Орус тили борбору» ачылды. Ага Жерүй алтын кенин ишеткен «Альянс Алтын» компаниясынын өнүктүрүү фондусу колдоо көрсөттү. Бул туралуу компаниянын басма сөз кызматы маалымдады.
Атаган окуу борборду заманбап үлгүдө жасоо үчүн Талас мамлекеттик университети «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондусуна кайрылган. Өнүктүрүү фондусунан кайрылунун негизинде 392 миң сом бөлүнгөн.
Окуу бөлмөсү талаптагыдай жасалганын Талас мамлекеттик университетинин ректору Жыргалбек Шаршембиев окуу борборунун ачылышында билдирди:
«Борбор студенттердин орус тили боюнча билимин жакшыртуу үчүн иш алып барат. Ошондой эле орус тилдүү мугалимдердин квалификациясын жогорулатууда жана абитуриенттердин ЖРТга даярдануусунда пайдаланылат», — деди
ректор Шаршембиев.
«Альянс Алтын» өнүктүрүү фондусуна Талас облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү максатында «Альянс Алтын» компаниясы жылына 150 миллион сом которот.
Фонд негизделгенден тартып билим берүү тармагына 60 миллион сом бөлүнүп, 123 долбоор ишке ашырылган.


