Арстан Алай деген ат менен белгилүү коомдук ишмер Арстанбек Абдылдаевдин өлүмү боюнча айыпталып жаткан №31 тергөө абагынын бир кызматкери тергөө учурунда каза болду. Бул тууралуу “Азаттык” Башкы прокуратурага таянып жазды.
Маалыматка караганда, шектүү үй камагында болгон. Арстан Алайдын өлүмү боюнча жалпы беш кызматкерге Кылмыш-жаза кодексинин “Шалаакылык” беренеси боюнча айып коюлуп, алардын иши Аламүдүн райондук сотунда каралууда.
Арстан Алай 5-январда Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 дарылоо мекемесинде каза болгон. Жаза аткаруу кызматынын маалыматында, ал психотикалык дартына байланыштуу былтыр 28-декабрда Бишкектеги №1 тергөө абагынан №31 мекемеге этап менен которулган. 5-январда түзөтүү мекемесинин ашканасынан асылган абалда табылган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Арстан Алай “диний кастыкты козуткан” деген шек менен кармалганын 2023-жылы 15-декабрда билдирген. Ага “социалдык тармактарда жана китепчелерди таратуу менен диний кастыкты козуткан чакырыктарды жасаган” деген айып коюлган.
Маркумдун жакындары анын өлүмүнүн тыкыр иликтенишин талап кылышкан.
Алгач ишкерлик менен алектенип, саясатка кийин аралашкан Арстанбек Абдылдаев коомчулукта Арстан Алай деген ат менен таанымал. Кезинде «Кыш болбойт», «Путин биоробот» деген сыяктуу ылакапка айланган сөздөрдү айтып, өзүн «Жаңы кудай» деп атаган коомдук ишмер 2011, 2017 жана 2021-жылдары президенттик шайлоого катышкан.